Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-апрели № 144
Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине зор салым кошкондугу жана кылмышкерлерди кармоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
- милициянын улук лейтенанты Авазов Расул Анарбековичке;
- милициянын улук лейтенанты Шопоков Азамат Дамировичке.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйлансын:
- милициянын майору Сагыналиев Исмайил Алмейсович;
- милициянын майору Эдильбаев Эльмир Бакенович.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| Дж.Оторбаев |