Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-марты № 110
1. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун ишин талдоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- жерине барып "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун жетекчилиги жана кызматкерлери менен ишкананын ишине байланышкан көйгөйлүү маселелерди талкууласын;
- 2014-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун башкарууну уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 13-мартындагы № 110 буйругуна тиркеме |
"Кыргызнефтегаз" ААКнын ишин талдоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Давлеталиева Надежда Степановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти; |
Естебесов Адыл Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Касмалиев Усеин Турсунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы; |
Садабаев Тулеген Дюшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
Нурланов Кубан Нурланович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин БККК, СЭМБ менен иштөө жана юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Халмурзаев Асылбек Урбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун эл-аралык кызматташтык, экономика жана божомолдоо башкармалыгынын финансы-экономикалык талдоо, контроль жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Султанов Арстаналы Камбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк региондор аралык башкармалыгынын начальнигинин орун басары. |