Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-январы № 36
Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 2014-жылдын 25-28-январында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусун өткөрүү жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 22-январындагы № 05/2101 нотасына ылайык:
1. Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарына Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу тобу төмөнкү курамда жиберилсин:
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Баймырзаев М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Усаров М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Эгамбердиева Ж.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Сыргабаев Б.Э. | - | өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси; |
Сыдыков Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Ботобаев К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Мурзаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Апышев Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Кыдырмышев Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Чернявский В.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедициясынын башкы инженери; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Мырзаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Шерматов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Маматов М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мурзахмедов Ш.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Үсөнов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Ибраимов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Райымбердиев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мырзаматов Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |