Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 28-апрели № 61
"Балыкчы эт комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн 44435473 (кырк төрт миллион төрт жүз отуз беш миң төрт жүз жетимиш үч) сом суммадагы карызды өндүрүү жөнүндө берген доо арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын соттук колдоо бөлүмүнүн башчысы Ибраимов Рустам Изираиловичке, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармасынын начальниги Ахматов Баходир Сабыровичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |