Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 30-майы № 77
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1998-жылы Барскоон дарыясында болгон авариядан тартышкан моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын сот органдарына доо арыздарды беришкенине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси Исабаева Нурила Мамадияровнага, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси Туйбаева Айнура Абдыкалыковнага, ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын госпиталдык терапия, гематология курсу менен профпатология кафедрасынын доценти Сулайманова Чолпон Таштанбековнага Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1998-жылы Барскоон дарыясында болгон авариядан тартышкан моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн беришкен доо арыздар боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |