Редакцияот 04.06.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2009-жылдын 4-июну № 80

Бишкек шаардык соту Кыргызстандын эл аралык университетинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн доо арызын кароосуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармасынын начальниги Жаманкулов Марат Тургунбаевичке жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин контроль-укук башкармасынын башкы адиси Аманалиев Жаныбек Жоомартовичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

Жетекчиси-министр

 

 

Н.Айтмурзаев