КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 4-июну № 81
Бишкек шаардык соту "Нак Инкорпорейшн" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине карата анын иш-аракеттери боюнча талаш доо арызын кароосуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармасынын начальнигинин орун басары Аскар уулу Мирланга аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |