Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 9-июну № 82
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1998-жылы Барскоон дарыясында болгон авариядан тартышкан моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөтүү жөнүндө Кыргыз, Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын сот органдарына доо арыздарды беришкенине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жайлык экология бөлүмүнүн башчысы Неронова Таисия Ивановнага, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканын тармактарын каржылоо башкармасынын агроөнөржай комплексин, жер казынасын пайдаланууну жана өзгөчө кырдаалдарды каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси Исабаева Аный Алиековнага жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун агрардык өнүктүрүү башкармасынын начальниги Аширов Кубат Кеңешовичке Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1998-жылы Барскоон дарыясында болгон авариядан тартышкан моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн беришкен доо арыздар боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |