Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 19-июну № 84
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотуна "Алтын-Балалык" балдардын медициналык-социалдык реабилитациялоо комплексин аресттен чыгаруу жөнүндө арыз бергенине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлык саясат, билим берүү жана уюштуруу иштери башкармасынын юридика секторунун башкы адиси Саадабаева Гүлзат Аскербековнага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жогоруда айтылган арызы боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |