Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 19-июну № 85
"Береке" кооперативинин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн доосу боюнча Бишкек шаарынын администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сотунун соттук коллегиясынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө "Береке" кооперативинин арыз бергенине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин юридикалык жана кадрлык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жумабаева Индира Турганбаевага "Береке" кооперативинин жогоруда айтылган арызы боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |