Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 28-июлу № 111
"Реемтсма-Кыргызстан" ачык акционердик коомунун ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматты төгүндөө жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө "МСН" гезитинин редакциясына жана "Акционерлердин укугун коргоо коому" коомдук бирикмесине карата берилген доо арызын кароого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин 97-пунктун жетекчиликке алуу менен:
"Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директорунун биринчи орун басары Сакиев Абдукарим Эшиевичке, "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын юристи Сыскина Елена Николаевнага "Реемтсма-Кыргызстан" ачык акционердик коомунун жогоруда аталган доо арызы боюнча бардык соттук инстанциялардагы бардык сот жыйындарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |