Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 27-апрели № 411
Баткен жана Ош облустарынын аймагында болгон сел агындыларынын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Боронов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Баетов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы; |
Дыйканов М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Мамбетов К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Нарбаев К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Разаков Ж.П. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу; |
Таштаналиев К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору. |
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жерине баруу менен келтирилген материалдык зыянды, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзсүн;
- бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |