Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2016-жылдын 13-январындагы № 6 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июну № 489
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-июлундагы № 305, 2014-жылдын 25-июнундагы № 284 , 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:
- Капаров Алтынбек Акматович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
- Суваналиев Болот Исакович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Башкы ыкчам-издөө башкармалыгынын начальниги;
- Сүйүмбаев Бактыбек Ильясович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын начальниги;
- Турганов Расул Шейшеналиевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Штаб начальниги;
- Исаков Тимур Аспекович , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын кеңешчиси.
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-июлундагы № 305, 2014-жылдын 25-июнундагы № 284 , 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 515 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 28-мартындагы № 117 буйругу.
Премьер-министр | О.Бабанов |