Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу № 530
Кыргыз Республикасында курулуш объекттерин пайдаланууга киргизүү процессин иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мамыров Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Мусабеков А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Дүйшөмбиев Б.О. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Байчуманов Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Турдумамбетов Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары; |
Жусупов Ж.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча департаментинин директору; |
Акунов Ч.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун милдетин аткаруучу; |
Халилов К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарга жана жыйымдарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги; |
Мамырбаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык регламент жана стандарттар боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө ишке киргизилүүчү курулуш объекттерине инвентаризациялоо жүргүзсүн жана пайдаланууга киргизилүүчү объекттерге тоскоолдук кылуучу себептерди жоюу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |