Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-июлу № 577
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Жапаров А.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сариев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монопо- лияга каршы саясат министри; |
Нуралиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; |
Жекшенов Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү ми- нистрлигинин статс-катчысы; |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Базарбаев К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары; |
Кудайбердиева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты- нын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (ма- кулдашуу боюнча); |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Чолпонкулов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Кесип- тик-техникалык билим берүү боюнча агенттигинин директору; |
Турсункулова Б.А. | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин ви- це-президенти (макулдашуу боюнча); |
Нурбек Жеңиш | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин экономика кафедрасынын башчысы (макулдашуу бо- юнча); |
Айдаралиев А.А. | - | "Кыргызстандын эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин Координа- циялык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия 2012-жылдын 25-августуна чейин жогорку окуу жайлардын ишин иликтесин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча сунуш киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |