Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-августу № 610
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 760 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине бекер жүрүүгө укуктарын ишке ашыруу механизмдерин аныктоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Убалиев Э.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Изибаев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Өмүрканова Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын адиси;
Казматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин укуктук колдоо жана экспертизалар кызматынын жетектөөчү адиси;
Сыдыков С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансы-экономика башкармалыгынын начальниги;
Түмөнов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Сламкулов О.С. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
Станбеков В.С. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын улук инспектору.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине бекер жүрүүгө укуктарын ишке ашыруу механизмдерин киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдасын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |