Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-августу № 611
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүдө бирдей эрежени аныктоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Скобеев Е.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматтык-аналитикалык секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Нурматов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Кыдыралиев К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын укуктук иштер бөлүмүнүн улук офицери; |
Балмухамбетов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын финансылык-чарбалык башкармалыгынын финансы бөлүмүнүн начальниги; |
Иманбеков Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкы инспектору - Штабдын юрисконсультанты; |
Өмүрканова Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын адиси; |
Карабаев Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин укуктук колдоо жана экспертизалоо кызматынын начальнигинин орун басары; |
Насыров М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Алахунова Р.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансы-экономика башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн инспектору; |
Теңизбаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси; |
Исмаилова Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Жумабаев Д.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Калыбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын инспектору. |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүдө бирдей эрежени бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдасын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |