Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-августундагы № 381 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-сентябры № 636
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегия мүчөсү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Усубалиев Абдыкадыр Усубалиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору;
Абдыраев Жолдошбек Матенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Курулушта сертификациялоонун республикалык борборунун директору;
Ботоев Ишен Кычыевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жөнгө салуу иши бөлүмүнүн начальниги;
Шаимбетов Жекшенбек Акматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн эксперти;
Бекташов Эсенжан Бекташевич - Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 19-январындагы № 24 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Усенов |