Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-сентябры № 710
1. Тамеки жана алкоголдуу продукцияларга акциздик маркаларды берүү боюнча тендердин жыйынтыгын өз убагында чыгарбоонун себептерин иликтөө максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Атаев С.Т. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
Казаков К.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Борбордук күрөө каттоо кеңсеси, Юридикалык жактарды соттук экспертизалоо жана каттоо мамлекеттик борбору менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
Жакшыбаев М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар методологиясы жана талдоо башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар жана баа түзүүнүн методологиясы бөлүмүнүн башчысы;
Естебесов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
Кудабаев Т.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн салыктык жана бажылык төлөмдөр секторунун эксперти.
2. Комиссияга зарыл учурда аткаруу бийлиги органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл маалыматтарды аткаруу бийлиги органдарынан сурап алууга уруксат берилсин.
3. Комиссия бул маселени он күндүк мөөнөттө иликтесин жана тиешелүү корутунду даярдасын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |