Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 717
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун ишин изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кутманов Н.О. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Алыгулова К.А. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Мусаханов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармасынын начальниги;
Ешходжаева А.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык жардам жана лицензиялоо башкармасынын начальниги;
Балджиков А.В. - эксперттик-криминалисттик борбордун экспертиза жана эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги;
Оторов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын нормативдик укуктук камсыздоо жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун ишин үч айдын ичинде изилдесин жана сунуштарды киргизсин, анын ичинде:
- эмгектин шарттарын жакшыртуу жана акы төлөөнүн деңгээлин жогорулатуу боюнча;
- штаттык санды көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө;
- материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жөнүндө.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |