Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 718
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик администрациялык имараттарынын ишин тартипке келтирүү жана материалдык-өндүрүштүк базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Бишкек шаары, Л.Толстой, көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз минералдык сырьелор институтунун имаратынын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө маселени кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Чынгожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамагенттик) директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Ражапбаев М.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын П.А.Ган атындагы Токой институтунун окумуштуу катчысы, ведомстволор аралык комиссиянынтөрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Жураев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгынын начальниги;
Жоха В.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн мамлекеттик мүлк секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Амиров М.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жетектөөчү адиси;
Малбашев Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын өнөр жайлык эмес объекттерди ижаралоо жана менчиктештирүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Жапиев М.Н. - Мамагенттиктин финансы-экономика башкармалыгынын начальниги;
Бейшеев Б.К. - Мамагенттиктин Токой аңчылык түзүлүш департаментинин директору.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө Бишкек шаары, Л.Толстой, көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз минералдык сырьелор институтунун имаратынын бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасын жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунушту киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда министрликтердин жана ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин усулдук жана уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |