Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 720
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда малдын кырылышынын фактысын жана себептерин изилдөө үчүн төмөнкүдөй курамдагы Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Узакбаев Ч.М. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Боронов К.А. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Исаков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун милдетин аткаруучу;
Осмоналиев С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Шадыбеков К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Эргешов А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Калиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Асанов К.С. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Тиленов З.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскеринин командачысы;
Алиев С.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун биринчи орун басары;
Абдикаримов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору;
Төрөмаматов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2. Өкмөттүк комиссия Жалал-Абад облусунун Сузак районунда малдын кырылуу фактыларына байланышкан абалды бир айлык мөөнөттө изилдесин жана жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Өкмөттүк комиссия министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо үчүн жооптуу болуп аныкталышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |