Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-октябры № 799
(КР Премьер-министринин
2012-жылдын 22-октябрындагы № 812, 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 841 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка тамеки буюмдарга жана алкоголдуу ичимдиктерге акциздик маркаларды даярдоого жана жеткирүүгө заказдарды жайгаштыруу максатында:
1. Төмөнкү курамда тендердик комиссия түзүлсүн:
Осмонов З.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысынын милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы;
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кутманов Н.О. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Малабеков З.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Эсеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Куткеев Э.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Осмонов Ы.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Исмаилов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору;
Ким Т.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыдырбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Карагулова А.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Салык төлөөчүлөр менен иштөө башкармалыгынын эсеп-фактураларды жана акциздик маркаларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;
Рахманов Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сатып алуулар жана чарбалык камсыздоо боюнча секторунун инженери;
Жумабеков Н.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ЭЭАнын субъекттерин контролдоо башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө жана кирешелерди эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги;
Бакиров М.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Карагул уулу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МамлеЖакып кеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги.
2. Тендердик комиссия:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка тамеки буюмдарга жана алкоголдуу ичимдиктерге акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга белгиленген тартипте тендердик документтерди даярдасын жана тендер өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктары жөнүндө билдирсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |