Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-октябры № 828
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-майындагы № 464 буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын курамына:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти Т.З.Кудабаев киргизилсин;
- С.А.Кылжыев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |