Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-декабры, № 891
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин прогрммасын жана аны ниже ашыруу боюнча негизги Иш-чаралардын планын ийгиликтүү аткаруу, пайда болгон экономикалык, социалдык чакырыктарды чечүү жана мамлекетгак органдардын ишин координациялоону күчөтүүгө, пландалган коомдук маанилүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган мамлекеттик органдарын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды оперативдүү жана өз убагында дярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу эксперттик-консультациялык топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик-консультациялык топ коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратгарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле зарыл болгон материалдарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери эксперттик-консультацияльж топтун ишине көмөк жана колдоо көрсөтсүн.
4. Эксперттик-консультациялык топтун ишин уюштуруу-техникальж камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
5. Эксперттик-консультацияльж топтун ишин каржылоо үчүн эл аралык уюмдардын жана енүктүрүү агенттиктеринин фанттык каражаттары тартылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисин биринчи орун басары М.К. Мукамбетовго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |