КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 9-январы № 2-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттигинин Кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архивин типтүү имарат менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттигинин Кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архивинин типтүү имаратын куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга бөгөт коюлган атайын эсептен 1000000 (бир миллион) сом бөлсүн;
- тендер өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттигинин Кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архивинин типтүү имаратын куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга келишим түзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |