Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 19-сентябры № 138
Чүй облустук соту жаран Э.М.Сарбашевдин Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ж.б. үстүнөн "Ак-Ордо" турак жай массивин куруунун Башкы планын жараксыз деп эсептөө жөнүндө берген доо арызын карап жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жерге жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармасынын жетектөөчү адиси Галиев Тургунбек Авазовичке аталган арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |