Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 20-февралы № 31
Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту "Кыргыз-казак укук жана мамлекеттик кызмат академиясы" жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 195-б буйругун жараксыз деп табуу тууралуу доо арызын өндүрүшкө кабыл алганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин контроль-укук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Аширалиев Данияр Абдымиталиповичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |