КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 2-июлу № 96
Эртисаун» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине карата берилген доо арызын кароого үчүнчү жак катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн тартvyra байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин сатып алуулар башкармалыгынын сатып алууларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүү, координациялоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Берикбаев Сабыракунга «Эртисаун» жоопкерчилиги чектелген коомунун жогоруда аталган доо арызы боюнча бардык соттук инстанциялардагы бардык соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |