Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 6-октябры № 146
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту "Балыкчы эт комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үстүнөн клирингдик берүүлөр боюнча карызды өндүрүү тууралуу берген доо арызын карап жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ибраимов Рустам Изираиловичке жогоруда айтылган арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |