Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 30-апрели № 132
"Нак инкорпорейшн" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын үстүнөн доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына жана аны кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Сариев Темир Аргенбаевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |