Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 3-майы № 139
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундарынын "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн, Барскоон суусундагы авариянын кесепетинен болгон моралдык жана материалдык зыянды төлөтүү тууралуу доо арыздары Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичке, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сагинбаева Динара Зарлыковнага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Атажанов Сабир Сыдыкжановичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |