Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-апрели ПБ № 55
Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» билим берүү программасын жүзөгө ашыруу процессин оптималдаштыруу максатында:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 12-сентябрындагы №296 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
-1-пунктта «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Билим берүү фонду жөнүндө Жободо:
1-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«-чет өлкөдө таланттуу жана зээндүү балдарды жана жаштарды окутууга финансылык колдоо көрсөтүү;
-эл аралык олимпиадаларга, конкурстарга жана мелдештерге катышуу үчүн зээндүү балдарга жана жаштарга колдоо көрсөтүү;»;
2-пунктта «Кыргызстан» АКБнын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган финансы-кредиттик мекеменин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«-республикалык бюджеттин каражаттарынан;»;
5-пунктта «Администрациясынын иш башкармасынын бухгалтердик эсепке алуу жана контроль бөлүмү» деген сөздөр «Иш башкармасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктта «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы №50 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, искусство жагында зээндүү жаштар үчүн Президенттик «Прелюдия» стипендиясы жөнүндө Жободо:
бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктта «300 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана сандар алып салынсын;
Төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6. «Прелюдия» стипендиясынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.»;
-жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, искусство жагында зээндүү жаштар үчүн Президенттик «Алтын шаты» стипендиясы жөнүндө Жободо:
бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктта «500 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана сандар алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6. «Алтын шаты» стипендиясынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.».
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |