Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 22-майы № 152
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасын аткаруу үчүн, Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатордун милдетин аткаруучунун 2012-жылдын 21-майындагы кайрылуусунда баяндалган фактыларды иликтеп чыгуу жана текшерүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Нарусбаева У.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Жантаев А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору, комиссиянын катчысы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Шамбетов Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Маткеримов С.А. | - | Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Иманалиева Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Мадалиев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Чүй облусунун Сокулук району боюнча атайын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Белеков А.Э. | - | Чүй облусундагы Сокулук районунун аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кожалиев К.Ж. | - | Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Жантемиров С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин уюштуруу-аймактык башкармалыгынын башкы адиси; |
Браун С.Я. | - | Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу-кадрлар иштери секторунун башчысы. |
2. Жумушчу комиссия эки күндүк мөөнөттө Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатордун милдетин аткаруучунун кайрылуусунда баяндалган фактыларды иликтеп чыксын жана комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуш киргизсин.
3. Жумушчу комиссия зарыл учурда иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |