Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 30-майы № 158
Жаран Мураталиев Байымбет Молдалиевичтин ээлеп турган кызматынан бошотуу жөнүндө чечимди жараксыз деп эсептөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин үстүнөн берген доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбековичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |