Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 27-июну № 182
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешмени өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары - уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Жунусов Ибрагим Кожоназарович
| - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Айтбаев Урмат Шакиралиевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектор башчысы; |
Каназаров Султан Төлөнович
| - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы - маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Жетиген Жокинович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук мониторинг жана өнүктүрүү секторунун башчысы; |
Асанакунов Болотбек Жапарович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун башчысы; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары; |
Нарусбаева Улара Раитовна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Усубакунова Айныжамал Ильясовна
| - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Үсөнбаев Мир Алымкулович | - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору. |
2. Уюштуруу комитети:
- 2012-жылдын 6-июлуна чейин тийиштүү иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитүүгө берсин;
- контролдоону камсыз кылсын жана уюштуруу маселелерин натыйжалуу чечүү боюнча көмөк көрсөтсүн.
3. Уюштуруу комитетине зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары - уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |