Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-иылдын 18-январы № 16
Жарандар Ш.К.Метеевдин, Н.А.Кожокеевдин, М.Д.Сыдыковдун жана башкалардын Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармасынын жана Кыргыз мамлекеттик циркинин үстүнөн мейманкана тибиндеги үйгө турак үйдүн статусун берүүгө мажбурлоо тууралуу доо арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралып жатканына, аны кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү жак катары тартылганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктунун он тогузунчу абзацына таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Кыргыз мамлекеттик циркинин бухгалтери Каркенова Зульфия Коджаевнага бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткерүп берүү укугусуз берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |