Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 10-февралы № 81
"Дагас сити" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин колдонууну токтотуу жөнүндө" токтомун жараксыз деп эсептеө тууралуу доо арызы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алиев Эмил Турдугуловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |