Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 24-февралы № 100
Жаран Б.Г.Умаровдун Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун (2008-жылдын 29-октябрындагы) мамлекеттик органдардын актыларын, жер участокту сатуу-сатып алуу жөнүнде актыларды (2005-жылдын 15-февралындагы жана 2006-жылдын 11-майындагы) жараксыз деп эсептөө, жараксыз бүтүмдүн натыйжаларын аянты 50,9 га жер участок боюнча кийин жасалган бардык бүтүмдөргө карата колдонуу, бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарынын "Ата-Кент ЛТД" ЖчКнын жер участокко карата менчик укугун бузуучу бардык нормативдик эмес актыларына карата юридикалык натыйжаларды колдонуу жөнүндө арызы Ысык-Көл облусунун Райондор аралык сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алиев Эмил Турдугуловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |