Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 2-марты № 106
Оюн-зоок иши чөйрөсүндө мурда иштеген кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Шыкмаматов А.Н. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Тойчубеков Ю.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын терагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Табалдиев Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Токтоналиев А.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы;
|
Мамбетаипов К.М.
| - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
|
Нарусбаева У.Р.
| - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин статс-катчысы;
|
Абжапаров Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун бабсары;
|
Кыштобаев И.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
|
Ирсалиев К.М. | - "Апрель-байрагы" элдик патриоттук кыймылы" коомдук фондунун борбордук аткаруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Искаков Т.М. | - "Апрель-байрагы" элдик патриоттук кыймылы" коомдук фондунун борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Кылычев А.З. | - "Апрель-байрагы" элдик патриоттук кыймылы" коомдук фондунун борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ оюн-зоок иши чөйрөсүндө мурда иштеген кызматкерлер сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, маселелерди иликтесин жана жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министрдин 2012-жылдын 28-февралындагы № 103 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |