Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 30-марты № 121
Юридикалык жактардын "Кыргызский союз кооперативов" бирикмесинин "Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы" илимий-билим берүүчү мекеменин үстүнөн Юридикалык жактардын "Кыргызский союз кооперативов" бирикмесин Кыргыз Республикасынын Кооперативдер ассоциациясынын укук улантуучусу деп таануу жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына, аны кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүнчү тарап катары ишке тартылганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Аманкулов Марат Аскеровичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |