Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 25-июну № 178
Кыргыз Мамлекетик циркинин ишмердүүлүгүнө байланышкан даттанууларды кароо, анда көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү максатында:
1. Төмөнкү курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Муратов А. А. | - Социалдык жана гуманитардык өнүгүү белүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын Төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Осмоналиев Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды текшерүү башкармалыгынын начальниги; |
Кайыпов М.К. | - Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Бакчиев Б.Дж. | - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин анализ, мониторинг жана укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Аралова Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун адиси; |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө кайрылууларда жана даттанууларда келтирилген фактыларды адилет жана ар тараптуу изилдеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |