Редакцияот 18.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2012-жылдын 18-июлу № 214

Жаран Тургунбаев Жусупжандын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 22-майындагы № 456 буйругун жараксыз деп эсептее жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Султанов Калыбек Иманалиевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

 

Өкмөтүнүн Аппарат

Жетекчиси-министр

 

Т. Беков