Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 23-августу № 238
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү- айылынын Атайын фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун макулдашылган долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кенжебаев Д.Б.
| - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Жусуматов Э.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары;
|
Үсөналиева Н.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
|
Шабданов У.Т. | Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Эсенкулов Т. | - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Молдалиев З.О. | - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
|
Койлубаев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти.
|
2. Жумушчу топ эки күндүк мөөнөттө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын Атайын фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун макулдашылган долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү белүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Т. Беков |