Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 28-августу № 244
Кыргыз Республикасынын сот органдарында карызды өндүрүү жөнүндө "Инкомполис" ЖАКынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карты берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директорунун милдетин аткаруучу Осмоналиев Айбек Шермамбетовичке, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Рысалиев Зарылбек Кылычбековичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин-министрдин милдетин аткаруучу |
Т. Беков |