Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 8-апрели № 100
"Биоэтанол" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Айдаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасы, жумушчу топтун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Орозбеков Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин ири бизнес бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Толонгутов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Экологиялык коопсуздук борборунун директору; |
Жуманазарова А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын фитотехнологиялар инновациялык борборунун лаборатория башчысы (макулдашуу боюнча); |
Токтоматов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин инвестицияларды тартуу башкармалыгынын жардамдарды пландоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Давыдов И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жаңылануучу энергия булактарын жана энергияны сактоо бөлүмүнүн башчысы; |
Исмаилов Ш.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин илим жана инновациялар секторунун башчысы; |
Акиев М.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин бизнес-индустрияны жөнгө салуу башкармалыгынын ири бизнес бөлүмүнүн башкы адиси; |
Падюков П.П. | - | "Горная деревня" долбоорунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө "Биоэтанол" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын, уюмдардын, мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жактан жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн, керектүү документтерди, билдирүүлөрдү жана маалыматтарды беришсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Министр - Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |