Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 4-марты № 80
Дин тутуу эркиндигине болгон укуктарды ишке ашыруу жана диний уюмдардын иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамилелерди өркүндөтүү максатында:
1. "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Үсөнов Шаршеке Үсөнович | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын укуктук камсыздоо, кадрдык иштер жана финансы бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Курманалиев Алмазбек Абдиназарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн эксперти; |
Султанбаева Айнура Жолдошбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти; |
Тюкеев Канат Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары; |
Эралиев Анаш Дөлөталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин мониторингдик талдоо жана укуктук колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Алиева Назиля Адылевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Бейшеналиев Мурат Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук, мамлекеттик жана кадрдык кызмат башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Жээнбеков Эмил Таштанович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын улук оперкызматкери; |
Ибраева Гүлзат Майрамбековна | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын укуктук камсыздоо, кадрдык иштер жана финансы бөлүмүнүн юристи; |
Тулегенов Турсуналы Асакеевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укук институтунун илимий кызматкери (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна толук иштелип чыккан мыйзам долбоорун киргизсин.
4. Жумушчу топ белгиленген тартипте өз ишинин зарылдыгына жараша материалдарды жана маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик органдардын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Министр - Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |