Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 19-сентябры № 167
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 459 "Эс алуу комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн "Руханият" эл аралык ассоциациясына жер участогун берүү жөнүндө" жана 2004-жылдын 17-декабрындагы № 937 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы жер участогун берүү жөнүндө" токтомдорун жараксыз деп эсептөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 2-апрелиндеги токтомун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө "Керемет Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун доо арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө Жобонун 7-пунктунун он тогузунчу абзацына таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Бакчиев Жаныбек Абдукапаровичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Министр - Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |