Редакцияот 31.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2012-жылдын 31-декабры № 389

Г.Г.Нуриеванын террордук актынын кесепетинен тарткан материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн берген доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:

Кыргыз Республикасынын финансы министри Лаврова Ольга Владимировнага жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүровичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана аларга башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

 

Өкмөттүн Аппарат

жетекчиси- министр

 

Н.С. Момуналиев