Редакцияот 29.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2012-жылдын 29-ноябры № 359

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин ишин, ошондой эле "Кант Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун арызында баяндалган маселелерди текшерүү жана иликтөө жүргузүү максатында:

1. Төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:

 

Исаков Ж.Ы.

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар белүмүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

 

Сагындыков Т.А.

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору, комиссиянын төрагасынын орун басары.

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

Чормонов Т.К.

-    Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);

 

Султанов Б.С.

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) экономика чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрешүү боюнча бөлүмүнүн оперкызматкери;

 

Гайназаров Б.Б.

-    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрешүү боюнча башкармалыгынын оперкызматкери;

Абдирасулов Н.А.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери.

 

 

2.  Комиссия жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин кароосуна сунуш киргизсин.

3.  Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалымат сурап алууга укук берилсин.

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министрдин 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 330 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Өкмөттүн Аппарат

жетекчиси - министр

 

Н. Момуналиев